www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү.

Жыйында Маматканов Оюндарга даярдык акыркы жана эң жооптуу этапка киргенин белгилеп, иш-чараны жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн айтты.

Катышуучулар Оюндардын жалпы программасын, маданий, спорттук жана илимий иш-чараларды, ошондой эле жабылыш аземинин концепциясын талкуулашты.

Мындан тышкары, транспорттук логистика, катышуучуларды жайгаштыруу жана аккредитациялоо, медициналык жана санитардык-эпидемиологиялык камсыздоо маселелерине көңүл бурулду.
Ошондой эле «Кырчын» этношаарчасы, Көчмөндөр цивилизациясы борбору, «Рух-Ордо», ипподром жана спорттук аянтчалардын даярдыгы каралды.

Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга даярдык иштерин өз убагында аяктоо боюнча ишти күчөтүү тапшырылды.

Последние новости