www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт. Бул тууралуу көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети билдирди.
Анын ачылышы 31-августта Бишкек шаарында, ал эми жабылыш аземи 6-сентябрда Ысык-Көлдө болот. Оюндардын негизги программасы Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 89дан ашуун өлкөдөн катышуучулар менен коноктор келет деп күтүлүүдө.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – бул көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандыруу, сактоо жана өнүктүрүүгө багытталган Кыргызстандын эл аралык долбоору. 2014, 2016 жана 2018-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өткөн.
2022-жылы Түркияда, 2024-жылы Казакстанда уюштурулган.