www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, мас абалында жаңжал чыгарган милиция кызматкери кызматтан бошотулду.
Буга чейин, интернет тармагында К. у. А. аттуу милиция кызматкеринин мас абалында жүргөн видеосу тараган. Аны милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери токтоткон учурда, ал жаңжал чыгарып, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбей, качууга аракет кылган.
Бул факты боюнча кызматтык иликтөө дайындалган. Текшерүүнүн жүрүшүндө ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан кызматтык тартипти одоно бузган, ошондой эле ички иштер органдарынын аброюна шек кетирген аракеттери аныкталган.
Кызматтык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аталган кызматкер терс негиздер менен кызматтан бошотулду.
Ички иштер министрлиги мындай фактыларга карата туруктуу мыйзамдуулукту ырааттуу карманат. Мыйзамды же кызматтык тартипти бузган ар бир учур кызматкердин наамына жана кызмат ордуна карабастан, катаал жана адилеттүү каралат.
ИИМ ички иштер органдарынын аброюна шек кетирген жана мамлекеттин аракеттерин бузуп, дискредитациялоого багытталган фактыларды аныктоо жана алдын алуу боюнча иш-чараларды улантууда.