www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Хорватиянын борбору Загреб шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын бешинчи күнү кыз-келиндер күрөшү менен уланат.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, бүгүнкү таймаштар 53 кг, 62 кг, 68 кг жана 72 кг салмак категорияларында болот.
Кыргызстандын атынан эки балбан кыз килемге чыгат. 68 кг салмак категориясында Мээрим Жуманазарова. 2021-жылкы дүйнө чемпиону жана Токио-2020 Олимпиада оюндарынын коло, Париж-2024 Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси биринчи айлампаны өткөрүп, 1/8 финалдык беттештен күрөшүп баштайт.
72 кг салмакта Нурзат Нуртаева 1/8 финалда казакстандык спортчу, төрт жолку Азия чемпиону жана дүйнө чемпионаттарынын төрт жолку коло байге ээси Жамиля Бакбергенова менен таймашат.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.
Белгилей кетсек, ушул күндөрү Хорватиянын Загреб шаарында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат. 13-сентябрда башталган мелдеш 21-сентябрга чейин уланмакчы. Анда Кыргызстандын курама командасы күч сынашууда.