www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Венгрияда өткөн 12-апрелдеги парламенттик шайлоодо алдын-ала эсептөөлөр боюнча оппозициячыл “Тиса” партиясы алдыга чыкты. Бул партиянын лидери Петер Мадьяр жекшембинин кечинде өлкөдөгү башкаруучу “Фидес” партиясынын лидери, учурдагы премьер-министр Виктор Орбан ага телефон чалып, жеңиши менен куттуктаганын билдирди.
Өлкөнүн шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча добуштардын 40% ашыгы саналган учурда “Тиса” 199 мандаттан турган парламенттен 136 орун ээлеши мүмкүн экени айтылды. Бул оппозициянын конституциялык көпчүлүккө ээ болду дегенди билдирет. Ал эми Венгрияда 16 жылдан бери бийликте турган Виктор Орбан жетектеген “Фидес” партиясы 55тин тегерегинде мандат алышы мүмкүн.
Бул жолку шайлоодо шайлоочулардын 78% ашууну добуш берип, соңку 20 жылдагы рекорддук көрсөткүч болуп калды.
Шайлоого оппозицияны баштап барган 45 жаштагы Петер Мадьяр 2024-жылга чейин Орбандын командасында болуп, кийин пикир келишпестиктен улам оппозицияга өткөн. Ал европачыл көз карашты карманып, Украинага колдоо көрсөтүүнү жактайт. “Тиса” партиясы 2020-жылы түзүлсө да, Мадьяр башына келгенге чейин анча активдүү эмес болчу.