www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венесуэлада 24-июнда болгон жер титирөөлөрдүн кесепетинен түз экономикалык зыян 6,7 миллиард долларга бааланды. Бул өлкөнүн ИДПсынын болжол менен 6% түзөт.

Маалымат Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) алдын ала эсептөөлөрүнө таянып берилди. Эсептөөлөр спутниктик маалыматтар жана сейсмикалык моделдөө аркылуу жүргүзүлгөн.

Жер титирөөдө 7,2 жана 7,5 баллдык эки күчтүү силкинүү болуп, борбор шаар Каракасты да камтыган калк жыш жайгашкан аймактарга таасир эткен. Жалпысынан 1,7 миллионго жакын имарат жабыркаган аймакта катталган.

Расмий маалыматтарга ылайык, 1,7 миңден ашык адам каза болуп, 5 миң 34 адам жаракат алган. Ошондой эле 2,1 миллион адам катуу силкинүүнүн таасирине кабылган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) 680 миң бала жардамга муктаж экенин билдирди. Адистер калыбына келтирүү иштери узак убакыт талап кыларын белгилешүүдө.

Последние новости