www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадамжай районундагы балдар үйүнүн 11 жаштагы тарбиялануучусу ооруканада каза болду. Бул тууралуу район акими Баяке уулу Болоткан билдирди.
Маалыматка караганда, өспүрүм 28-июнда райондук ооруканалардын биринде дүйнөдөн кайткан. Ага чейин анын дене табы көтөрүлгөнү айтылган.
Акимдин билдирүүсүндө соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында балага карата зомбулук белгилери аныкталбаганы көрсөтүлгөн.
Өспүрүмдүн сөөгү 28-июнда жерге берилген. Ал балдар үйүндө өзүнүн эжеси менен бирге тарбияланып келген.
Ошондой эле мекемеде жалпысынан 18 бала тарбияланып жатканы жана жашоо шарттары “орто” деп бааланганы белгиленди.