www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Вашингтондун жаңы планына ылайык Украина НАТОго кабыл алынбайт
АКШ администрациясы Украинадагы жаңжалдын келечегин аныктоочу жаңы демилгени даярдаганы жөнүндө маалыматтар Вашингтон менен Москва ортосундагы тымызын сүйлөшүүлөр кайрадан жанданып жатканын көрсөттү. Wall Street Journal жана NBCнин булактары кабарлагандай, Президент Дональд Трамп жактырган планга ылайык, Киевге коюлган эң оор талаптардын бири – НАТОго мүчөлүккө кабыл алуу маселесин күн тартибинен алып туруу.
Америкалык аткаминерлердин маалыматына караганда, бул идея Трамп командасынын жаңы стимулдарды издөөгө берген тапшырмасынан кийин пайда болгон. Ак үйдөгү өкүлдөрдүн бири президент Украина үчүн аймактарды кайтаруу маселесин зарыл деп эсептебей турганын, тескерисинче, согушка чекит коюучу келишимге умтулганын айткан.
Вашингтон менен Москва ортосунда сүйлөшүүлөрдүн жүрүп жатканы буга чейин да маалымдалган. Бирок Киев менен европалык өнөктөштөрдүн позициясы азырынча ачык эмес.
Шамалдай тарап жаткан маалыматтардын бири катары, Трамп жактырган 28 пункттан турган планда Вашингтондун Крым менен Донбассты Россиянын аймагы катары таануусун, Украинага берилчү аскердик жардамды кыскартууну, өлкө ичинде орус тилине жана православдык чиркөөгө кеңейтилген макам берүүнү, ошондой эле украин армиясынын санын азайтууну камтыйт. Документтин үстүнөн Трамп администрациясынын бир катар жогорку жетекчилери Стив Уиткофф, Жей Ди Вэнс, Марко Рубио жана Жаред Кушнер иштеген.