www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында эле экс-чиновник, байбача Эмилбек Узакбаев 70 жылдыгын белгилеп, чоң той өткөрдү.

Туугандарын, телитеңтуштарын, жакын адамдарын чакырып, өмүргө кеч кирип бараткан мезгилин ой-да майрамдашыптыр. Шыкалып эле көпөстөр отурушканы кызык.

Бийликтен Эдил Байсалов келип, ченебей чер жазып, бакылдап, жакшы маанайда кеткенин айтышты.

Аймакчы, бул тойдо Жантөрө Сатыбалдиев менен Аскар Салымбеков башкалардан өзгөчө мас болуп калышканы кандай?

Көргөндөр жобурашып, карыганда ашыкча кеткен деле болбостугун каңкуулашты. Ток этери, негизинен Эмилбек Узакбаевдин юбилейи жетишерлик шаан-шөкөттө өтүп, абдан ачылып-чачылганы да бекеринен эместир. Убагында мамлекеттин бир топ кызматтарын аркалап, байлыкты басып койсо, анан карыганда чекесинен чубап той берип, көңүл ачуу жагынан өнөр көргөзбөй жаны жокпу?,  - деп жазат  "Азия Ньюс" гезити.

 

Последние новости