www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жаза аткаруу, Кылмыш-жаза, Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстерине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда колдоого ээ болду.

Демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйында баяндама жасаган комитет төрагасы Болотбек Борбиев мыйзам долбоору уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү жана аны биротоло жок кылуу максатында иштелип чыкканын белгиледи. Анын негизинде кылмыштардын рецидиви түшүнүгүн кайра киргизүүнү кароо жана мүлктү конфискациялоонун айрым маселелерин чечүү сунушталууда.

Андан тышкары, жыйында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Граждандык кодексине, Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда колдоо тапты.

Борбиев мыйзам долбоору менен тааныштырып, ал аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун ийкемдүү жана гумандуу системасын түзүү, ошондой эле алардын аракетке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү максатында иштелип чыкканын билдирди.

Последние новости