www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg”маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Бүгүн биз кеп кыла турган каарман Арсен. Арсен көп убакыт сахнада жүрсө да, атактуу болбой “Тагдырың сага жазганда” аттуу ыры жарыкка чыккан соң, эл оозуна алынганы баарыбызга маалым. Арсен бул ырды 2012-жылы жаздырып, клибин 2013-жылы жарыкка чыгарган. Ырдын сөзүн Кундуз Качкынбаева, обонун Мирбек Атабеков жараткан деп айткан. Бирок, бул ырга Мирбек эмес, чет элдик ырчы Bayje авторлук кылат. Себеби, ырдын түпкү нускасы Америкалык ырчы Bayje таандык. Bayje ырды 2008-жылы “Find A Way” аталышында клиби менен бирге коомчулукка чыгарган.

Төмөндө ырдын эки варианты тең бар. Ырды угуп, өз бааңыздарды бериңиздер окурмандар!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости