www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg” маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиат ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар...” аттуу рубрикабызды уланта бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылардын саны көбөйгөнү менен сапаты жагынан "ташты талкан" кылып чыккан ырчылар чанда гана кездешет. Көпчүлүгү бири-бирин ээрчип, көлдө бири клип тартса, артынан жалпы туурап баштайт. Алсак бири диванда олтуруп клипке тартылып койсо, жарашканы жарашпаганы деле жамбашы менен белин ары-бери кыймылдата клипке тартыла бергени таң эле калычтуу.

Тилекке каршы таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар компьютердин жардамы менен “жарк” этип чыгып “жалп” этип өчкөндөрү четтен кездешет.

Акыркы жылдары айрым ырчылар же жаңы чыгып келе жаткан ырчылар чет өлкөлүк ырчылардын ырларын жарашпаса дагы которуп ырдап баштады. Эми алардын катарын Салтанат Шекенова толуктады. Ал өзбектин атактуу ырчылары Шахзода менен Шахруххондун аткаруусунда “Алло” деген ырын которуп ырдаган.

Кызыгы, кыргыз аткаруучусу ырды өзү эле жатып-туруп ырдай берген дагы жигити көзү менен ырдаган кызды карап эле турат.  Мына сага, сөз менен тартылган клип такыр айкалышпайт. Баса, өзбектин атактуу ырчылары ырдын клибинде жатып же туруп беттерин сылай берген эмес.

Кыскасы төмөндө ырдын эки нускасы тең бар. Эки ырды угуп, салыштырып, өз бааңыздарды берсеңиздер болот!

Аруужан Булекбаева

Булак: NazarNews.kg

Последние новости