www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урмат мырза, кечээ КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, КР экс-президенти Алмазбек Атамбаевге ВИДЕО Кайрылуу жасады. Ага КСДП да жооп кайтарды. Кеп кезеги кайда барып такалышы мүмкүн?
--Эч кайда барып такалбайт. Чындыгында мурдагы президент, Матраимовдордун ата-жотосуна чейин тийишти. Макул, Матраимовдун өзүнө тийишсин, анын атасына тийишкенге кандай акысы бар. Менин Бектемир атама тийишип көрсүнчү, сазайын бермекмин.
--Кайрылууга каршы Атамбаев эмнеге өзү чыккан жок...
--Кайсы бети менен чыгат. Матраимов, Атамбаевди адекваттуу түрдө алага тээп туруп, беттен ары чаппадыбы? Эмнесине актанат. Мындайча айтканда Матраимов, кылычты кындан сууруду. Атамбаев кылычын сууруганга духу жетпейт. Тактап айтканда, Матраимовдун сунган кылычына Атамбаев чыпалагын тосо албайт.
--КСДПнын Раим Матраимовго берген жообуна канаатандыңызбы?
--Атамбаев просто бир кыздын артына жашырынып алды. Өзү жасаган капаска кирип кетти.
Булак: NazarNews.kg