www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери Дүйнөлүк банктын колдоосу менен уюштурулган Австрияга (Вена) жана Чехияга (Прага) иш сапарынын жүрүшүндө Австрия Борбордук банкынын, Чехия Борбордук банкынын, Райффайзен Банк Интернэшнл ЭйДжи (Raiffeisen Bank International AG), Эрсте Групп Банк ЭйДжи (Erste Group Bank AG) жана Австриянын банктарынын жана банкирлеринин ассоциациясынын (Bankenverband) өкүлдөрү менен бир катар иш боюнча жолугушууларды өткөрүштү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар SREP (көзөмөл боюнча баалоо жана кароо процесси) методологиясын колдонуунун практикалык аспектилерин жана көзөмөлдөө инструменттерин учурдагы тажрыйбаларга интеграциялоо маселелерин талкуулашты. Ошондой эле ички көзөмөлдөө процессин уюштуруу, көзөмөлдөө боюнча баалоолорду иштеп чыгуу жана көзөмөлгө алынган уюмдар менен өз ара иш алып баруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушууларда көзөмөлдөө боюнча алдыңкы тажрыйба менен өз ара бөлүшүүгө жана SREP процессин ишке киргизүү учурунда пайда болгон маселелерди, анын ичинде стресс-тестирлөөнү, макропруденциалдык жөнгө салууну жана тобокелдиктерди баалоо процесстерин талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

 

Последние новости