www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жыл башынан бери Кыргызстандын Улуттук банкы валюта рыногунда 893,45 миллион доллар сатты. Бул тууралуу Улуттук банктын төрага орун басары Азат Козубеков журналисттерге билдирди.
Анын маалыматына ылайык, ушул мезгил ичинде ички валюта рыногунда сатылган АКШ долларларынын жалпы көлөмү 893,45 миллион долларды түзгөн. Ал регулятор эл аралык резервдердин жетиштүү деңгээлин сактап, ошол каражаттардын эсебинен валюта интервенцияларын жүргүзүп жатканын белгиледи.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, 22-майга карата эл аралык резервдердин көлөмү 8,9 миллиард доллардын тегерегинде болгон. Бул 2025-жылдын аягына салыштырмалуу 3,4%га көп.
Эске салсак, 16-апрелде Улуттук банк валюта рыногуна интервенция жасап, 168 миллион доллар саткан. Бул 2026-жылдын башынан берки эң ири операциялардын бири болуп саналат.