www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Россия Федерациясынын Москва шаарында өткөн "Борбордук Азия жана Россия" форматындагы коопсуздук кеңештеринин катчыларынын үчүнчү жолугушуусуна катышты.
Жолугушууда 2025-жылдын 9-октябрында Душанбе шаарында өткөн "Борбордук Азия жана Россия" экинчи саммитинде жактырылган 2025-2027-жылдарга карата биргелешкен иш-аракеттер планынын ишке ашырылышы талкууланды.
Катышуучулар ошондой эле эл аралык жана аймактык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.
Адилет Орозбеков форматтын алкагындагы өлкөлөр ортосундагы кызматташтык темпин андан ары сактоо зарылдыгын, анын ичинде радикалдуу идеялардын жайылышына каршы туруу, баңгизат коркунучуна жана киберчабуулдарга каршы күрөшүү боюнча маселелерди белгиледи.
Мындан тышкары, өзгөчө кырдаалдарды башкаруу чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу, ошондой эле экспорт жана импорттун тоскоолдуксуз жүрүшү үчүн транспорттук артериялардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында административдик тоскоолдуктарды четтетүү боюнча сунуштар айтылды.