www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук банк эки акча алмаштыруу жайын жапты

Кыргызстандын Улуттук банкы эки акча алмаштыруу жайын жапты.

Финансылык жөнгө салуу органынан билдиришкендей, КР мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн, Бишкек шаары, Кожевенная көчөсү, 74, «Аляска» өтмөгү, 11 соода оруну дареги боюнча жайгашкан «Только наличные» алмашуу бюросу ЖЧКнын накталай чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 6360 лицензиясы 2024-жылдын 12-мартынан тартып кайтарылып алынды.

Ошондой эле КР мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош облусу, Кара-Суу району, Андижан айылы, Курманжан Датка көчөсү, № 539 дареги боюнча жайгашкан «Кыргыз Валют» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 28-июнундагы № 6313 лицензиянын аракети 2024-жылдын 12-мартынан тартып 18-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости