www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук банк 8 миллиондон ашуун доллар сатты

Улуттук банк 13-мартта базарга 8 млн 350 миң доллар чыгарды. Бул доллардын серпилүүсүнүн алдын алуу максатында болгону баш банктын сайтында жазылды.

Ушуну менен Улуттук банк сомдун кунун кармоо максатында жыл башынан бери экинчи ирет интервенция жасады. Буга чейин 2-февралда базарга 23,5 млн доллар сатылган. Жалпы жыл башынан бери 31 млн 850 миң доллар сатылды.

2023-жылы Улуттук банк сомдун курсун бир калыпта кармоо үчүн 655,72 млн долларды соодалаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости