www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков Россиянын Улуттук гвардия аскерлеринин федералдык кызматынын директору, армиянын генералы Виктор Золотов менен жолугушту.

Жолугушуу 24-сентябрда Росгвардиянын Кыргызстандагы расмий сапарынын алкагында Ички иштер министрлигинде өттү. Россиялык делегациянын сапары 23-27-сентябрга пландалган.

Тараптар коомдук коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу жаатындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле ведомстволор аралык кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн багыттары каралды.

Жолугушууда кесиптик байланыштарды чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана эки ведомствонун тиешелүү бөлүмдөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында Кыргызстандын Ички иштер министрлиги менен Россиянын Улуттук гвардия аскерлеринин федералдык кызматынын ортосунда 2027-2029-жылдарга карата биргелешкен иш-аракеттер программасына кол коюлду.

Последние новости