www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Комор Аралдары Союзунун тышкы иштер ведомствосунун жетекчиси Мбае Мохамеддин жолугушуусу өттү.
Жолугушуу БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында болуп, анын жыйынтыгында Кыргызстан менен Комор Аралдары Союзунун ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду.
Тараптар дипломатиялык мамилелердин түзүлүшү эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгилешти.
Ошондой эле саясий диалогду активдештирүү жана БУУ, Ислам Кызматташтык Уюму сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу маселелери талкууланды.
Тараптар достук жана өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин ырасташты.