www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясатчы Азимбек Бекназаровдун айтымында, “Кемпирабадчылар” Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев жана тергөөчү Улан Жапековду сотко берүүнү көздөшкөн. Бирок президент Садыр Жапаров аларды бул кадамдан баш тартууга чакырган. Бул тууралуу ал Айбек Теңизбайга берген маегинде билдирди.
«Акталдыңар. Калганын Кудайга койгулачы. Жазбай эле койгулачы. Силер жазгандан кийин мамлекеттин эле казынасына оорчулук келет», — деп айтканын Бекназаров билдирди.
Бекназаров учурда Ташиевдин тергөөдө берген көрсөтмөлөрү боюнча сотко кайрылуу маселеси кайра каралып жатканын айтты.