www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кореядан транспорт каражаттарын мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамалекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы чыгарылган TOYOTA CAMRY жана 2024-жылы чыгарылган BOMBARDIER SKI SNOW транспорт каражаттары транзиттик декларациясыз жана товарды коштоочу документтерсиз алып кирилгени аныкталды.
Кыргыз Республикасынын бюджетине келтирилген зыяндын өлчөмү туумдарды эске алуу менен 923 472 сомду түзгөн. Чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына жөнөтүлгөн.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын орду эки эселенген өлчөмдө — 1 846 944 сом суммасында өндүрүлдү.