www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Укук коргоочу Азиза Абдирасулованы Ноокен райондук милиция бөлүмүнө алып кетиш. Бул тууралуу анын кызы Гулшайыр Абдирасулова соцтармак баракчасы аркылуу билдирди.
Укук коргоочуну эмне үчүн алып кетишкени тууралуу азырынча маалымат бериле элек.
Ал эми, Жалал-Абад ОИИБнен Абдирасулова Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө күбө катары суракка чакырылганын билдиришти.
«Учурда ал күбө катары көрсөтмө берүүдө. Тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.
Ошол эле учурда укук коргоочу кайсы иш боюнча көрсөтмө берип жатканы такталган жок.
Абдирасулова өзү бир күн мурун социалдык тармактарда аны милиция суракка чакырып жатканын билдирген.