www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинаны мамлекет катары калыбына келтирүүгө болжол менен 588 миллиард доллар керек

 

Согуш аяктап Украина мамлекет катары сактала турган болсо он жыл ичинде калыбына келтирүүгө болжол менен 588 миллиард доллар талап кылынары айтылды. Бул тууралуу Дүйнөлүк банк, Европа комиссиясы жана Бириккен улуттар уюму биргеликте даярдаган жаңыртылган баалоодо айтылган.

Бул сумма болжолдуу 2025-жылдагы Украинанын номиналдык ИДПсынын дээрлик үч эсе көп. Доклад 2022-жылдын февраль айынан 2025-жылдын декабрына чейинки мезгилди камтыйт. Бул аралыкта түздөн-түз келтирилген зыян 195 миллиард доллардан ашкан. Эң чоң зыян турак жай, транспорт жана энергетика секторлорунда, айрыкча согуш жүрүп жаткан аймактарда жана ири шаарларда катталган.

Энергетикалык инфраструктурага болгон чабуулдар күчөп, жабыркаган же жок кылынган объекттердин саны мурунку баалоого салыштырмалуу 21%га өскөн. Транспорт секторунда талаптар өткөн жылы темир жолдорго жана портторго жасалган соккулардан улам 24%га көбөйгөн. 2025-жылдын аягына карата өлкөдөгү турак жай фондунун 14% жабыркаган же талкаланган, бул 3 миллиондон ашык үй-бүлөгө тиешелүү.

Докладдын авторлору белгилешкендей, жеке сектордун ролу калыбына келтирүүдө маанилүү болот. Бирок инвестицияларды тартуу үчүн кошумча реформалар талап кылынат. Ал үчүн бизнес климатын жакшыртуу, финансылык мүмкүнчүлүктөргө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана экономиканы Европалык союздун экологиялык жана санариптик стандарттарына ылайык адаптациялоо зарыл.

Узак мөөнөттүү чыгымдардын эң чоң бөлүгү транспорт секторуна туура келет. Бул көлөм 96 миллиард доллардан ашат. Андан соң энергетика (91 млрд), турак жай (90 млрд), соода жана өнөр жай (63 млрд), айыл чарба (55 млрд) жана миналарды тазалоо менен талкалангандарды чыгарып салууга 28 миллиард доллар сарпталат.

Последние новости