www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жумгал районунун ички иштер бөлүмүнүн ага тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Т.Т.Т. кызматтан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) 1-бөлүгү менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Т.Т.Т. материалдык пайда алуу максатында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Жумгал районунун тургуну Ж.Б.А.га негизсиз жана мыйзамсыз тергөө иш-чараларын жүргүзгөн, ошондой эле, физикалык күч колдонуу менен психологиялык кысым көрсөткөн.

Бирок тергөөчү Ж.Б.А.ны Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 1-бөлүгү боюнча, тактап айтканда, «Кыргызтелеком» ААКтын кабелин уурдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка чакырган. Бул кылмыш иши 2022- жылы 31-майда токтотулгандыгы аныкталган.

Тергөөчүнүн мыйзамсыз аракеттери боюнча УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин (Кызматтык жасалмачылык) 1-бөлүгү жана 338-беренесинин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) 2-бөлүгүнүн 1-2-пункттары боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында Нарын шаардык сотунун чечими менен Т.Т.Т. ээлеген кызматынан убактылуу четтетилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости