www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 5-7-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин делегациясы Австриянын Вена шаарында Европадагы коопсуздук жана келишим уюмунун жүргүнчүлөрдүн маалыматтары боюнча IX семинарына, Чыгыш Европа жана Борбор Азия бейрасмий жумушчу тобунун V жыйынына катышты.

Атайын кызматтан билдиришкендей, иш-чаралар БУУнун Терроризмге каршы күрөшүү башкармалыгы менен биргеликте уюштурулуп, ЕККУга мүчө 57 мамлекеттен 180ден ашык катышуучуну чогултту.

Семинарда жана жолугушууда эл аралык кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн жана жеке адамдарды аныктоо үчүн биометрикалык таануу системаларын колдонуу боюнча 40тан ашык презентация жана баяндамалар жасалды.

УКМКнын делегациясы 18 өлкөдөн турган топтун төрагасынын орун басары катары Кыргызстанда API/PNR системасын ишке ашыруунун жүрүшү боюнча бир катар презентацияларды жасап, чет элдик террористтик согушкерлердин кыймылынын алдын алуу жана Интерпол менен өз ара аракеттенүү боюнча улуттук тажрыйбаны сунуштады.

Мындан тышкары, Кыргызстандын Австриядагы элчилигинин жардамы менен 2025-жылдын 6-ноябрында Австриянын каржы министринин орун басары Андреас Рейххардт менен жолугушуу өткөрүлдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы күрөшүү чараларын, ошондой эле каржылык тобокелдиктерди азайтуу жана каржылык агымдарды коргоо боюнча биргелешкен демилгелерди талкуулашты.

Мындан тышкары, УКМК менен австриялык компаниялардын өкүлдөрүнүн ортосунда жумушчу жолугушуу болуп өттү, анда киберкоопсуздук жаатындагы инновациялык чечимдер сунушталды жана маанилүү инфраструктураны коргоо чөйрөсүндөгү кызматташтыктын перспективалары каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча австриялык компаниялар Кыргызстанга 2025-жылдын 24-25-ноябрында келери макулдашылды.

Последние новости