www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР УКМК тарабынан 2026-жылдын 15-апрелинде мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги “Чоң-Капка” өткөрүү пунктунда Кыргыз Республикасынын аймагына коммерциялык сатууга арналган тыюу салынган жана эсепке алынбаган товарлардын ири партиясын мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталып, бөгөт коюлду. 

Учурда зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө, алардын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды мыйзамсыз өткөрүү, милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу жана тыюу салынган продукцияны мыйзамсыз жүгүртүү боюнча процессуалдык чечим кабыл алынат.

КР УКМК мыйзамсыз алып кирүү, жашыруу жана тыюу салынган товарларды сатууга байланышкан бардык аракеттер катуу түрдө токтотуларын, ал эми күнөөлүү адамдар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

Ыкчам-издөө иш-чаралары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын «Чоң-Капка» өткөрүү пункту менен биргеликте жана Кыргыз Республикасынын    Мамлекеттик салык кызматынын Талас облусу боюнча каттоого алынбаган товарларды каттоо бөлүмүнүн катышуусунда жүргүзүлдү.

 

Последние новости