www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР УКМК тарабынан сот системасындагы коррупцияны жоюу боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө мурда судья кызматын ээлеген А.К.А. аттуу жактоочу кармалды.

Тергөөдө аныкталгандай, шектүү өзүнүн кызматтык абалын жана жеке байланыштарын пайдаланып, жарандык иштер боюнча соттун оң чечимин кабыл алууга көмөк көрсөтүү үчүн акча талап кылуу схемасын уюштурган.

Алсак, А.К.А. баштапкы этапта жабырлануучу тараптан 25 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алган. Бирок, алынган сумма менен чектелбестен, ал дагы 7 миң АКШ долларын талап кылууну улантып, баш тарткан учурда өзүнүн административдик мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, соттун чечимин каршылаш тараптын пайдасына каратып коюу менен коркуткан.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында алдын ала пландалган ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында жактоочу талап кылынган сумманын бир бөлүгүн  437 500 сомду (5 000 АКШ долларына барабар) алып жаткан учурда кармалды.

Чогултулган материалдардын негизинде кармалган жаран соттун чечими менен 2 айлык мөөнөткө КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Азыркы учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары улантылууда.
 

Последние новости