www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу тапшырмасынын алкагында, “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасы 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында кезектеги оңдоп-түзөө жана электр жабдууларын жаңылоо иштерин баштады.
Быйыл Баткен облусу боюнча электр тармактарынын техникалык абалын жакшыртуу жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында бир катар ири иштер аткарылат.
6-10/0,4 кВ трансформаторлор боюнча:
• 284 даана трансформатор капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт;
• 1632 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт.
6-10/0,4 кВ аба чубалгылары боюнча:
• 1538 км аба чубалгы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт;
• 3847 км аба чубалгы техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт.
220/110/35 кВ жогорку чыңалуудагы аба тармактар кызматында:
• Жалпы 1400 км аба чубалгы текшерүүдөн өткөрүлүп, анын ичинен
o 20 км капиталдык оңдоодон,
o 1380 км кезектеги оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт;
• Ошондой эле 8772 даана жаңы айнек изоляторлор орнотулат.
220/110/35 кВ жогорку чыңалуудагы көмөк чордондор боюнча:
• 45 даана көмөк чордон кезектеги оңдоп-түзөөдөн ;
• 5 даана көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлөт.
Ошондой эле электр энергиясын жеткирүү системасын автоматташтыруу саясатынын алкагында, 2026-жылы Баткен облусунун аймагында 54 587 даана (АСКУЭ) акылдуу эсептегич орнотуу пландалууда. Мындан тышкары, облустун бир катар аймактарында 32 км СИП-2 жана СИП-3 өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган өткөргүчтөр тартылат.
Бул иштердин негизги максаты — электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, техникалык жоготууларды азайтуу жана керектөөчүлөрдү сапаттуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу болуп саналат. 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилин туруктуу өткөрүүгө жана электр тармактарынын техникалык абалын жакшыртууга багытталган.