www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору Кыргызстандын энергетикалык тармагында чоң мааниге ээ жана бүтүндөй Борбор Азиянын энергетикалык келечегине, азык-түлүк коопсуздугуна болгон ишенимин бекемдейт. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл, Энергетика министри Таалайбек Ибраев менен болгон жолугушууда белгиледи.

Министр Таалайбек Ибраев Дүйнөлүк банктын колдоосуна ыраазычылыгын билдирип, өткөн кышта ири авариялык өчүрүүлөр болбогонун, жыл сайын тармактагы жабдыктар жаңыртылып, электр өткөргүчтөр жана инфраструктуралык объектилердин реконструкциясы жакшы натыйжасын берип жатканын айтты. Ал ошондой эле учурдагы тариф саясаты тууралуу да маалымат берип өттү.

Хью Ридделл, 2018-жылдан бери Кыргызстандын энергетика тармагы менен тыгыз иштешип келе жатканын эске салып, акыркы жылдары министрликтин аткарган иштерин “алгылыктуу жана мыкты” деп баалады. Ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча өкмөттөр аралык кол коюла турган келишим тууралуу учурда аракеттер өтө интенсивдүү жүрүп жатканын кошумчалап: «Камбар-Ата-1 ГЭС долбоору биз үчүн чоң дем жана шыктануунун булагы. Ал Кыргызстандын энергетикалык келечегине болгон ишенимди бекемдейт», -деди.

Вашингтондо боло турган жазгы отурумда Камбар-Ата-1 ГЭС долбоору тууралуу кошумча талкуулар улантылары белгиленди. Бул жолугушууда долбоордун техникалык, экономикалык жана экологиялык аспектилерин чыңдоо, ошондой эле Дүйнөлүк банктын колдоосу менен долбоордун ийгиликтүү ишке ашышын камсыздоо маселелери каралмакчы.

Кезегинде министр Ибраев энергетика тармагы өлкөнүн стратегиялык багыттарынын бири экенин, ири гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу жана иштеп жаткан объектилерди реконструкциялоо процессинде бардык деңгээлдеги адистерге муктаждык өсүп жатканын белгилеп, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоого өзгөчө көңүл буруунун маанилүүлүгүн айтты. Ошол эле учурда жашыл энергетика багытын өнүктүрүүдө Кыргызстан да артта калбай кубаттоочу жабдыктар орнотулуп жатканын билдирип, бул багытта да биргелешип иштөө мүмкүнчүлүктөрүн сунуштады.

Андан ары тараптар биргелешип ишке ашырылып жаткан долбоорлордун мөөнөтү жана ыргагы тууралуу сүйлөшүп, Таза жана кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүү (КРЭДП), Дүйнөлүк банк жана Трансформациялык көмүртек активдер фонду (TCAF) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Туруктуу энергетикага өтүүнү колдоо үчүн инновациялык каржылоо (iFIRST)» долбоору боюнча жана Камбар‑Ата-1 ГЭС долбоору үчүн техникалык жардам жана финансылык демилгелер, Энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо долбоорлору тууралуу пикир алышты.
 

Последние новости