www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ошто 13 миң 295 студент жогорку окуу жайларынан чыгарылганын УКМКдан билдиришти.
Жогорку окуу жайларында бүтүрүүчү студенттердин билим сапатын жакшыртуу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүндө коррупциялык элементтердин шарттарын, себептерин жана факторлорун четтетүү максатында өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча сабакка катышпаган же академиялык карыздары бар 13295 студент (ОшМУ 3573, ОшТУ 2754, ОшКӨЭУ 3167, ОшМПУ 3629, КУУнун филиалы 172) окуудан чыгарылган.
Учурда аталган ЖОЖдордун кызмат адамдарынын студенттерди мыйзамсыз окутууга жана алардын жоопкерчилигин КР мыйзамдарынын чегинде кароого катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
УКМК жогорку окуу жайлардын жетекчилерин жана кызматкерлерин мыйзамдын талаптарын сактоого жана окуу процессинин ачык-айкындуулугун камсыздоого жана коррупциялык көрүнүштөрдөн сак болууга чакырат.