www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК тарабынан К.Досонов ("Дженго" каймана аты менен белгилүү) жетектеген уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) ишмердүүлүгүн каржылоо боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында, Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Г.Ш.М.(1976-жылы туулган) кармалды.
Аталган Г.Ш.М. аффилирленген адамдар аркылуу "Ноокат Универсал Базар" ЖЧКсынын коммерциялык түзүмүнөн киреше алып, ал аталган уюшкан кылмыштуу топту каржылоого жумшалганы аныкталган.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча, "Ноокат Универсал Базар" ЖЧКсынын балансында турган 14 276,28 м2 аянттагы жер тилкеси, ошондой эле Г.Ш.М.га таандык болгон 2005-жылкы Lexus GX470 унаасы мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Тергөө уланууда, аны менен катар кылмыштуу топтун бардык катышуучуларын жана каржылоо булактарын аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.