www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК буга чейин Мамлекеттик курулуш агенттигинин Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан чет элдик банкка чыгарылып кеткен 1,5 миллион долларды кайтарды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдир

Маалыматка ылайык Азия өнүктүрүү банкынан алынган насыялар толугу менен долбоорго кайтарылды жана Каракол шаарындагы канализациялык-тазалоочу курулманын курулушуна жумшалат.

Буга чейин атайын комитет «Ысык-Көлдүн саркынды суусун башкаруу» долбоорунун алкагында Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу башкармалыгынын кызмат адамдары 1 млн 498,2 миң долларды чет өлкөгө чыгарып кеткенин билдирген.

Бул акчалар Азия өнүктүрүү банкынан Каракол шаарына канализациялык-тазалоочу курулманы куруу үчүн алынган. 4-мартта УКМК тарабынан аталган акча каражаттарын банкрот болгон чет өлкөлүк банкка чыгарууга тиешеси бар деген шек менен башкармалыктын башчысы Х.Ш.К. кармалган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости