www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы «Кең-Сай-унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунда «Тайсон» деген каймана аты бар Т.А.И. жана анын «Кудаш» деген каймана аты бар бир тууганы И.К. тарабынан жасалган кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.
Комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, шектүүлөр жеке ишкерлерге тынымсыз кысым көрсөтүп, бийликтеги адамдар менен туугандык байланышы бар экенин айтып, бажы жана чек ара кызматкерлерине коркунуч келтирген.
Алардын Ноокен районундагы аткезчилик иштерге (дары-дармектер, тамеки буюмдары, уюлдук телефондор жана башкалар) тиешеси бар экени тууралуу маалымат алынган.
Ошондой эле шектүүлөр Өзбекстандан Бишкекке мыйзамсыз мигранттарды ташып, аларды күч менен өздөрүнүн таксилерине отургузуп, жол кире үчүн ашыкча акча талап кылышкан, деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети шектүүлөрдөн жабыр тарткандарды УКМКнын ишеним телефонуна кайрылууга чакырат. Байланыш номуру: 0995 012210