www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык балбан Асан Жанышов Хорватиянын борбору Загреб шаарында өткөн дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча коло байгенин ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жанышов 1/16 финалдагы алгачкы беттешинде түрк балбаны Хасан Кылынчты 6:5 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыгуу үчүн болгон кармашта азербайжандык Ислам Аббасовду 4:3 эсебинде уткан.

Чейрек финалда ирандык Алиреза Мохмадипианига 1:4 эсебинде утулуп калып, бирок көңүл жубатуучу беттешке катышуу укугун алган.

Көңүл жубатуучу беттеште Асан Жанышов эсеп 1:1 болгондо немис балбаны Ханнес Вагнерди эскертүүлөр боюнча жеңди. Ал эми коло байге үчүн болгон кармашта 2023-жылкы дүйнө чемпиону, учурдагы Европа чемпиону Венгриялык балбан Давид Лощонцини 4:2 эсебинде утуп, дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси болду.

Муну менен Асан Жанышов дүйнө чемпионатында коло медаль уткан бешинчи грек-рим балбаны болуп калды. Буга чейин мындай ийгиликке Раатбек Санатбаев (1999-жылы), Канатбек Бегалиев (2006-жылы), Данияр Көбөнов (2010-жылы) жана Амантур Исмаилов (2022-жылы) жетишкен. Мындан сырткары, 2018 жана 2021-жылдары Жоламан Шаршенбеков күмүш медалга ээ болгон. Ал эми 2022 жана 2023-жылдары Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов дүйнө чемпиону болгон.

Последние новости