www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын кабинеттеринде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тинтүү жүргүзүп жатышат.

Бул тууралуу күч түзүмдөрүндөгү булактар Kaktus.media редакциясына билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-апрелде, УКМКнын 5-7 кызматкери ИИМдин борбордук аппаратына келип, КККнын кабинеттеринде тинтүү иштерин баштаган.

Алдын ала маалымат боюнча, иш-чаралар аңчыларга куралга уруксат берүүчү документтердин берилиши менен байланыштуу.

Тактап айтканда, 2020-жылдагы документтер текшерилип жатат.

Белгилей кетсек, өткөн жумада УКМКнын бөлүмдөрүнүн биринин бир нече кызматкери кармалгандан кийин, милиция кызматкерлери да атайын кызматтын кабинеттеринде тинтүү жүргүзүшкөн.

Последние новости