www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов мындар аркы ишмердүүлүгүн улантуу үчүн Манас проспекти, 12 дарегинде жайгашкан «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын административдик имаратына барды.

«Кыргызфармация» МИнин административдик имаратка жайгашуусу ишкананын директору Акылбек Туратбек уулунун жетекчилиги астында ыкчам чечилип, кыска мөөнөттүн ичинде жамааттын ишин улантуу үчүн зарыл шарттар түзүлгөнү белгиленди.

Сапардын жүрүшүндө министр жамааттын иш шарттары, ишкананын учурдагы ишмердүүлүгү, ошондой эле өлкөнүн саламаттык сактоо уюмдары үчүн дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштурулган сатып алуу, сактоо жана жеткирүү системасын өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Министр дары-дармек менен камсыздоонун натыйжалуу жана туруктуу системасын өнүктүрүү саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин айтты.

«“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын уюштуруучулук базасын чыңдоо иштин натыйжалуулугун жогорулатууда, процесстердин ачыктыгын камсыздоодо жана саламаттык сактоо уюмдарын дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен үзгүлтүксүз камсыздоодо маанилүү ролду ойнойт», — деп белгиледи Дамир Осмонов.

«Кыргызфармация» МИнин директору Акылбек Туратбек уулу ишкананын мындан аркы ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын тааныштырды. Алардын катарына сатып алуу процесстеринин натыйжалуулугун жогорулатуу, логистиканы өнүктүрүү жана пландоо механизмдерин өркүндөтүү кирет.

Ошондой эле кампалык инфраструктураны модернизациялоо, сактоо жана ташуу боюнча заманбап стандарттарды киргизүү, аймактарды керектүү дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен өз убагында камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги дары-дармек менен камсыздоонун мамлекеттик механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана профильдик уюмдардын институционалдык потенциалын чыңдоо боюнча ырааттуу иштерди улантат.

 

Последние новости