www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча улантылып жаткан иш-чаралардын алкагында, Камбар-Ата-1 ГЭСин даярдоо этабынын долбоорун ишке ашыруу учурундагы мыйзам бузуу фактыларын аныктады.
Тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты С.К.К. жана подрядчы уюмдардын жетекчилери М.А. жана А.Р. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Иш материалдарынан көрүнүп тургандай, С.К.К. кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, белгилүү бир материалдык пайда үчүн жеке компаниянын кызыкчылыктарын лоббирлөө аркылуу ага колдоо көрсөтүүнү уюштурган. Буга чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын адистери тарабынан «НарынГЭС» ААКсы жана подряддык уюмдар тарабынан иштердин көлөмүн негизсиз көбөйтүү аркылуу мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталган.
Азыркы учурда КР УКМК кармалган адамдардын башка укук бузууларга катыштыгын аныктоо, ушуга окшош фактыларды табуу, ошондой эле энергетика тармагындагы айрым кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө.