www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында синтетикалык баңгизаттарды даярдоо жана сатуу менен алектенген туруктуу кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Н.А.Д., А.Ч.Х. жана Д.А.В. аттуу жарандар кармалды.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө «Спайс» жана «A-PVP» аттуу синтетикалык баңгизаттар алынган.
Учурда УКМК нарколабораторияны уюштурууга жана анын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдарды, ошондой эле баңгизаттарды сатуу каналдарын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.