www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда коомчулукта "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон чуулгандуу иш боюнча соттук жараян кайрадан улантылды. Сотко иштин негизги фигуранттарынын бири болгон Камчыбек Ташиев келди. Бирок ал сот имаратына кирип баратып журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты. 

Бул иш боюнча жалпысынан сегиз адам айыпталууда. Алардын арасында мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев бар. Тергөөнүн маалыматына ылайык, аларга "бийликти күч менен басып алууга даярдануу" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып коюлган. 

Мындан тышкары, иштин алкагында саясатчы Бекболот Талгарбеков, мурдагы ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, ошондой эле Эмилбек Узакбаев, Аалы Карашев жана Курманбек Дыйканбаев айыпталуучу катары өтүп жатышат. Алардын айрымдары учурда тергөө абагында кармалууда. 

"75чилердин каты" деп аталган окуя ушул жылдын башында 75 саясатчы жана коомдук ишмердин атынан өлкө жетекчилигине кайрылуу жарыялангандан кийин башталган. Ал кайрылуу өлкөдөгү саясий процесстерге олуттуу таасир тийгизип, бийликтеги жогорку деңгээлдеги кадрдык өзгөрүүлөргө жана бир катар кылмыш иштеринин козголушуна алып келген. Тергөө органдары каттын даярдалышы жана анын айланасындагы аракеттер конституциялык түзүлүшкө коркунуч жараткан деп эсептешсе, айыпталуучулар күнөөлөрүн четке кагып келишет. 

Алгач бул иш "жашыруун" деген макам менен каралып, сот отурумдары жабык өткөн. Кийин жактоочулардын өтүнүчтөрүнүн негизинде сот жараянынын айрым бөлүктөрү ачык өткөрүлө баштады. Акыркы отурумдарга журналисттердин катышуусуна жана видео тартууга чектелген түрдө уруксат берилген.

Последние новости