www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) эл аралык баңги заттарын транзиттик ташуу каналын аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн узак мөөнөттүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Баткен облусундагы баңги топтун лидери, Кыргызстандын жараны Т.Д.С.ны кармаганын билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран 2015-жылдан бери издөөгө алынып, Ооганстан–Тажикстан–Кыргызстан багыты аркылуу баңги заттарын мыйзамсыз ташууну уюштуруп, аларды андан ары КМШ өлкөлөрүнө жеткирүү жана сатуу каналын түзгөн деп шектелүүдө.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында анын жүргөн жери аныкталып, шектүү кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына киргизилди.

Учурда кылмыштуу схеманын башка катышуучуларын аныктоо жана алардын аракеттерин документтештирүү боюнча комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

Ошондой эле кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

Последние новости