www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Киноакадемиясы америкалык актёр Уилл Смитке өз иш-чараларына анын ичинде "Оскар" сыйлыгына катышууга 10 жылга тыюу салды. Бул тууралуу америкалык ЖМКлар жазып чыкты.

“Мен академиянын чечимин кабыл алам жана сыйлайм”, - деди актёр өзүнө коюлган тыюу салууларга комментарий берип.

«94-«Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи 2021-жылы укмуштуудай иштерди жасаган көптөгөн адамдардын майрамы болушу керек болчу. Бирок, ал көз ирмемдер Смит мырзанын сахнада көрсөткөн туура эмес жана зыяндуу жүрүм-туруму менен бузулды”, - деп айтылат АКШнын Кинематография искусствосу жана илимдер академиясынын президенти жана башкы башкы аткаруучу директору Дэвид Рубин менен Дон Хадсондун билдирүүсүндө.

Эске салсак. 27-мартта Лос-Анжелесте “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземинде  алып баруучу, куудул Крис Рок сахнада сүйлөп жатып, Смиттин жубайы Жейда Пинкетт-Смиттин чачына тийишип, тамашалаган.

Бул тамашадан кийин Смит сахнага чыгып, алып баруучуну жаакка бир соккон.

Окуядан кийин Уилл Смит “Король Ричард” тасмасындагы ролу үчүн “Эркектин мыкты ролу” номинациясы боюнча "Оскар" сыйлыгын алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости