www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аялдардын маршында кармалгандар бошотулду. Бул тууралуу «Азаттыкка» укук коргоочу Динара Ошурахунова билдирди.

"Кээ бири түшүнүк кат жазышты. Айрымдарын жөн эле бошотушту, балким паспортундагы маалыматтарды жазып калса керек. Ал эми айрым уюштуруучулар «милицияга баш берген жок» деген негизде кармалган экен. Бирок милиция ал жакка келип «тарагыла» деп айткан эмес.

Укук коргоочунун айтымында, милиция марштын элүүдөй катышуучусун автобуска салып кеткен.

Анда аялдардын укуктарын, гендердик теңдик жөнүндө жүрүш саат 12:00дө Жеңиш аянтында башталган.

Ушул тапта Жеңиш аянтындагы түркүн-түстүү кийинген жаштарды жана   укук коргоочу Рита Карасартова, активист Алтын Капалованы милиция кармап кеттишкен.

Аянтта эс алып жүргөн Акылай Кенекеева, милиция кармап кеткен митингдин катышуучуларын туура кадамга баргандыгын айтышкан. 

Эске сала кетсек, жергиликтүү соттор Биринчи май, Ленин, Октябрь райондорунун бийликтеринин арызынын негизинде расмий эмес иш-чараларды, анын ичинде марштарды, митингдерди өткөрүүгө 1-июлга чейин чектөө киргизген.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости