www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-мартта Бишкек ш.ИИББгы боюнча Милициянын  кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери  Бишкек  шаардык улгайган жана ден-соолугунун  мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемеге  барып, 8- март Айымдардын эл аралык күнү менен куттуктап ,майрамдык маанай тартуулашты. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек ш.ИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматынын башчысы Исаков Алмазбек Карыпович: “энелердин жана айымдардын коомдогу ордун жогору баалап, эне үйдүн куту, үйдүн тиреги экендигин эске алып, баардык энелер жана айымдар сый –урматка татыктуу экендигин белгилеп, бекем ден-соолук, узун өмур жана баардык жакшылыктарга тилектештигин билдирди”.

Мындан сырткары  Милициянын кайгуул кызматкерлери апаларга азда болсо майрамдык маанай тартылоо максатында чакан концерт уюштуруп, көңүлдөн чыккан ырларды, жүрөктөн чыккан жакшы  каалоо- тилектерди билгизип, кызыл гул жана чакан белектерди тартуулашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости