www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн – Кыргыз Республикасынын Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевди туулган күнү менен куттуктап, азын-оолак жакшы тилек билдирдик!

Каныбек Тургунбекович —өлкөбүздүн мамлекеттик башкаруу тутумунда өзгөчө орду бар жетекчи. Ал башкалардан ишке болгон жоопкерчиликтүүлүгү жана заманбап башкаруучулук сапаттары, кесипкөйлүүлүгү менен айырмаланып турат.

Анын жетекчилигинде Президенттин Иш башкармалыгы ачыктыкты, тартипти жана натыйжалуулукту негизги багыт катары карманып, мамлекеттик деңгээлдеги стратегиялык иш-чаралардын так жана координациялуу уюштурулушун камсыздап келет. 

Башкача айтканда, мамлекеттик ресурстарды эффективдүү пайдаланып, иш процесстерин автоматташтырууга жана модернизациялоону колго алууга багытталган демилгелери, жамаатта кесипкөйлүккө, жоопкерчиликке жана калыстыкка негизделген иш атмосферасын түзө билгени аркылуу өлкөбүздүн туруктуу өнүгүшүнө кошуп жаткан салымы баа жеткис.

Урматтуу Каныбек Тургунбекович!

Сизди туулган күнүңүз менен куттуктайбыз! Сизге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, тынчтык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз. Ишиңизде ар дайым колдоочулар болуп, жакшы жаңылыктар коштосун!

Последние новости