www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 2025-жылдын 1-октябрынан тартып 90 календардык күнгө көмүргө максималдуу бааларды белгилөө менен мамлекеттик баага жөнгө салуу киргизилет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы социалдык мааниге ээ болгон көмүргө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу аркылуу көзөмөлдөйт. Бул чара жылытуу сезонуна карата сунушталып, керектүү учурда узартылышы мүмкүн.
Мындай буйрук көмүрдүн бааларын негизсиз көтөрүлүшүн алдын алып, калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, ошондой эле аймактардагы отун рыногунун абалын турукташтырууга багытталган.
Белгиленген чара «Баа түзүү жөнүндө» мыйзамга, министрлер кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы «Социалдык мааниге ээ болгон товарларга мамлекеттик баа жөнгө салуу жөнүндө» токтомуна жана Экономика жана коммерция министрлигинин буйругуна ылайык кабыл алынган.