www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиядагы кыргыз жарандары 32 жаштагы Венера Каракушка юридикалык жардам көрсөтүү үчүн каражат чогултуп жатышат. Азыр ал күйөөсүн өлтүргөн деген шек менен камакка алынган. Каргашага чейин ал жолдошу менен ажырашуу үчүн сотко кайрылып, процесс жүрүп жаткан.

Окуя 19-июнда кечинде Түркиянын Адана провинциясындагы Чукуров районунда болгон. Сотто көрсөтмө берген шектүүнүн айтымында, 35 жаштагы Мехмет Каракуш аттуу күйөөсү анын батирине кирип алып, күтүп турган. Келинчеги эшиктен кирип келгенде ал ага бычак менен кол салган. Жолдошу бычактын  сабы менен аялынын башына 20дан ашык ирет сокку урган. Андан кийин өзүнүн билегин кесип салган. Аял ошол убакта эсин жоготуп койгонун, сотто күйөөсүн өлтүргөн эместигин маалымдаган.

Түрк басылмаларынын айтымына караганда, жубайлардын үйлөнгөнүнө 10 жылдан ашкан жана экөөнүн эки баласы бар. Венеранын күйөөсү менен ажырашуусуна үй-бүлөдөгү зомбулук колдонулган чыр-чатактар ​​себеп болгон. Полицияга батирден жубайларды эс-учун жоготуп койгон абалда тапкан кошуналары кабар берген. Венера алган жаракаттарынан улам ооруканага жеткирилген. Ошондой эле жолдошунун да денесинен бычактан алган бир нече жарааттары табылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости