www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркияда кыргызстандык мигранттардын пенсиясы боюнча мыйзам күчүнө кирди. Бул тууралуу жарлык 2-июлда Түркиянын "Расмий" гезитине жарыяланды.
Анда Түркиянын президенти Режеп Тайsп Эрдогандын колу коюлган "Түркия жана Кыргыз Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосундагы Социалдык Коопсуздук Келишими" кабыл алынганы жазылган.
Эки өлкө ортосундагы социалдык камсыздоо боюнча келишимине 2018-жылы 9-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун Анкарадагы расмий сапарында кол коюлган. Түркия менен кол коюлган социалдык камсыздоо боюнча келишимге ылайык, эки өлкөдө эмгек визасы менен иштеп, камсыздандыруу акысын төлөгөн жарандар эки жактан тең пенсия алышат.
Түркияда 35 миңден ашуун кыргызстандык катталган. Бирок 2019-жылы 2669 гана кыргызстандык расмий эмгек визасы менен иштеп, Түркиянын Миграция департаментине каттоого турган.
Булак: NazarNews.kg