www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын авиакомпаниялары колго көтөргөн жүктү жүргүнчүнүн жанына алып алуусуна тыюу салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, ички дагы, эл аралык дагы каттамдарга тиешелүү бул эреже убактылуу. Негизги максат — жүргүнчүлөрдү отургузуу процессин тездетип, коронавирустун тарап кетишин алдын алуу.

Эми учактын салонуна аялдардын, балдардын сумкасын, портфелдерди, ноутбук, зер буюмдарын жана сувенирлерди гана ала кирүүгө болот.

Түркиянын жарандык авиация дирекциясынан билдиришкендей, жүргүнчүлөр мурда салонго ала кирип жүргөн башка баштыктарын жүк катары тапшырышы керек. Анын салмагы сегиз килограммдан ашпаган кезде акы төлөнбөйт. Ал эми жанына ала жүргөн сумканын салмагы төрт килограммдан төмөн болушу зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости