www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Коргоо министрлиги Түркия куралчан топторго көмөк көрсөтүп, алар Идлибдеги Сириянын өкмөт күчтөрүнө чабуул койгонун маалымдаганын BBC билдирди.

Буга жооп кылып Москва козголоңчуларды абадан бутага алды. Ал эми Түркия болсо Сирия армиясын артиллериялык аткылоого алып, ондогон сириялык аскер каза тапканын, беш танк жана эки зооттолгон жүк ташыган унаа жок кылынганын жазып чыкты.

Анкара Сириянын армиясынын аткылоосунан улам эки аскери каза тапканын, жооп кайтарууга аргасыз болгонун айтты. Бир айдын ичинде Анкара Идлиб аймагында 15 аскерин жоготту.

Түркия менен Орусия жаңжал чегинде

Сириянын армиясы февраль айынын башында Иранга ыктаган аскер топтору менен чогуу Идлибдеги козголоңчуларга каршы аскердик операциясын баштады. Бул өз кезегинде Түркиянын нааразылыгын жана тынчсыздануусун пайда кылды.

Түркия үчүн Идлиб стратегиялык жактан өтө маанилүү. Анкара бул чөлкөмдү өзүнүн таасириндеги тилке катары көрөт. 2017-жылдагы Сочи келишимине ылайык, Идлибде коопсуз тилке болушу керек эле. Коопсуз тилке түркиялык аскер тосоттору жана оор техника менен курчалмак.

Буга чейин Идлибди көзөмөлдөө максаты менен өткөрүлгөн операцияда Түркия аскерлери жоготууга учураган. Эгерде азыр өзүнүн ээлеген турумдарын калтырып чегинип кетсе, Эрдоган Түркиянын өзүндө репутациясына доо кетирип алышы мүмкүн.

Анкараны тынчсыздандырган дагы бир фактор - качкындардын абалы. Эрдоган Сирия менен Орусия Идлиб провинциясында жайкын тургундарга атайын сокку жолдоду деп билдирүү жасаган.

Анын айтымында, Орусиянын колдоосуна таянган Асаддын күчтөрү "Идлибдин күнөөсүз жана азап тарткан тургундарын түрк чек арасына жөнөтүп жатат". Мындай жагдай Сирия-Түркия чек арасындагы гуманитардык катастрофага алып келиши мүмкүн. Себеби, Идлибде өтө көп сандагы качкындар жыйылып калды.

Ал эми Орусия колдогон Асаддын күчтөрү Идлиб провинциясында террордук топтор менен күрөшүп жатканын айтууда. Бирок алардын арасында Түркия колдогон оппозициялык топтор дагы бар. Түркиялык инструкторлор машыктырып, жабдыган сириялык оппозициянын бөлүктөрү "Улуттук армияга" бириккен. Буга чейин алар "Сириянын эркин армиясы" катары белгилүү болчу. Анкара "Улуттук армия" альянсынан кол үзүп кетпейт. Анткени алар күрд кошуундары менен күрөштө жана радикалдуу топторго каршы турууда Түркияга көмөк көрсөтүүдө.

Чыңалууга карабастан, Анкара аскерлери Сирия армиясынын аба соккуларынан улам каза тапканын баса белгиледи. Түркиянын Коргоо министрлиги Орусия тарапка эч кандай дооматы жок экенин айткан. Серепчилер болсо азыркы кырдаалды 2015-жылы Түркия орусиялык аскер учагын атып түшүргөн абалга салыштырышууда.

Гуманитардык уюмдардын маалыматында, провинцияда болжолу 3,5 млн. жайкын тургун бар. Асаддын бийлигин каалабаган Сириянын бардык аймактарынан качып чыккандар Идлиб аймагына жыйылды.

"Көйгөйдү тез арада чечпесек уят болот. XXI кылымда согуштан качып бара жаткан аял менен балдарды абадан бутага алуу туура эмес экенин дүйнөлүк коомчулук түшүнбөсө, анда дүйнөгө коркунучтуу доомат тагылат",-деди Бириккен улуттар уюмунун гуманитардык иштер боюнча өкүлү Марк Лоукок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости